Бүгүн, 2-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылды. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өттү.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева валидациялоо жана сертификациялоо борбору эч кандай билим албай туруп, өз алдынча кесипти өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, алардын эмгек рыногунда ордун табышына чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстанда ачылып жаткан ишканаларга бир гана сертификаты бар жумушчулар кабыл алынарын, министрликтер менен бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Статистикага ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 2 млн. 700 миң экономикалык жактан активдүү жаран бар болсо, тилекке каршы, алардын 44% гана формалдуу кесиптик билимге ээ. Бул маселени чечүү жолдорунун бири – Көз карандысыз сертификация жана валидация процедурасынан өткөрүү болуп эсептелинет.