• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Билим берүү тармагы үчүн уят». Министр мектеп директорлорунун пара менен кармалышы тууралуу пикирин айтты

6 Аяк оона 2023 11:01 Бишкек Govori.TV

Мектеп директорлорунун пара менен кармалышы бүтүндөй билим берүү тармагы үчүн уят. Бул тууралуу бүгүн борбор калаадагы окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында Билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин август конференциясын өткөрүүгө даярдыктар үч айга созулган.
«Ал эми биз аны татыктуу өткөрдүк, кечинде мектеп директору кармалганы тууралуу маалымат келип түштү. Эгемендүүлүк күнүн Ош шаарында президенттин катышуусунда жогорку деңгээлде өткөрүүгө өлкөдө жарым жылдан бери даярдыктар көрүлүүдө. Татыктуу өткөрдү, кечинде кайра камоо. Билим күнү баарыбыз үчүн майрам, ушул күнү үчүнчү директорду кармашты. Уят! Бул бүтүндөй билим берүү системасына шермендечилик! Келечекте мындай уяттуу окуялар болбошу үчүн шашылыш чогулуп, сабак алалы деп чечтик», — деди Каныбек Иманалиев.

Ал акча менен кармалгандарды мугалим деген статустан ажыратуу зарыл деп эсептейт.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкекте бир жумада төрт мектеп директору пара менен кармалганын билдирген. Алардын арасында сынактан өткөндөр да бар.

Количество просмотров: 190