Билим берүү уюмдары үчүн bilim.edu.gov.kg маалымат порталы түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Порталда өлкөнүн бардык билим берүү уюмдары жөнүндө маалымат бир жерге чогултулат. Өткөрүлө турган иш-аракеттер, аккредитация, бош орундар, байланыш номерлери жөнүндө маалымат баракчасын түзө алышат. Порталды пайдалануу билим берүү уюмдары үчүн акысыз.
Уюмдардын маалыматтары боюнча рейтинг түзүлөт. Бул билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет.