• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Билим берүү жана илим министри болуп Каныбек Исаков дайындалды

11 Аяк оона 2019 15:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаков дайындалды. Жогорку Кеңеш ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду.

Каныбек Исаков  1969-жыл, 4-июнда Ош облусуна караштуу Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Эмгек жолу:
• 1986-ж. «Бел-Өрүк» колхозунда кызматкер болуп иштей баштаган.
• 1987-ж. Ош мамлекеттик университетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигине тапшырган.
• 1988-1990-ж.ж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
• 1990-1993-ж.ж. Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып артыкчылык диплому менен аяктаган.
• 1993-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу, улук окутуучу (1999-ж.), доцент (2002-ж.) кызматтарында иштеген.
• 1995-ж. “Нур” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.
• 1997-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары болуп иштеген.
• 1998-ж. Ош МУнун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматына дайындалган.
• 2000-ж. Ош МУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган.
• 2005-ж. Ош МУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.
• 2001-ж. кандидаттык диссертатциясын коргогон.
• 2011-ж. докторлук диссертатциясын ийгиликтүү коргогон.
• 2006-2011-жж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген.
• 2011-ж. Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалган.


Количество просмотров: 98