• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аркасынан «сөз ээрчитип» иштен кеткен атка минээрлер

17 Бештин айы 2018 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV.

Өлкө башчы алмашкандан тарта министрликтер да жаңыланып, кай бири өз каалоосу менен кетти делип, бирок, кетүүсүнө себептер көбөйүп, кээбирлери өлкө башчынын сынынан соң гана арызын жазышкан.

Коомчулукта талкууга түшүп, көпчулүктүн ар түрдүу пикирлеринен соң кызматын тапшырган эң эле чуулгандуу окуя болгон Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мамлекеттин эсебинен туугандарын, кайын журтун чет өлкөдө эс алдырды делген Таалайкул Исакунованы эл дагы да унута элек. Исакунованын иши анын орун басары Зууракан Каденова мас абалында учактан чыр чыгарды дегенинен тарта каралып, экинчи орун басары Лунара Мамытова пенсия жөнүндө айтканы менен токтогон. Мындан улам министр өзү да, орун басарлары да кызматтарынан кол жууган.

Буга утурлай эле  Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин элчи Кылычбек Султандын ТИМдеги бир катар коррупция маселесин айтып чыккандан кийин кызматын тапшыруусу коомчулукта талкууга алынган эле. Диппаспорт маселесин көтөрүп чыккан Кореядагы элчи Кылычбек Султан да өз кызматынан алынган. Буга таарынган элчи башка өлкөдөн башпаанек сурадым дегени бар.

 Көпчүлүктүн талкуусунан да таң калуусун жараткан Унаа жана жолдор министринин орун басарынын пара алып жаткан жеринен кармалуусу болду. Ала турган парасы 520 миң АКШ долларын түзүп, бул сумма карапайым калкты эмес өлкө башчыны да таң калтырды.

Орун басарынын кылыгынан кийин да камырабай ордунда олтурган Жамшитбек Калилов Жээнбековдун катуу сынынан соң гана өз ордун бошотту.

Кошумчалай кетсек, кадрдык жүрүш мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси олку-солку болуп турган учурга тушкелген премьер-министр Сапар Исаковдун кызматтан кетүүсү да коомчулукта кайчы ойлорду жаратпай койгон жок. Абдил Сегизбаев, Кубанычбек Кулматов сыяктуу  экс-президенттин ишенимдүү делген адамдары кызматтан алынуусу Атамбаевдин кадрларын ачык эле тазалоо жүрүп жатат деген пикирлер да айтылып келет.

Количество просмотров: 39