• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир айдын ичинде тотализатордо акча уттурган эки киши өз жанын кыйды

22 Жетинин айы 202117:14 Бишкек Govori.TV

Фергана облусундагы Дангара районунун тургуну тотализатордо 16 миллион сум (1600 доллар) уттургандан кийин өз жанын кыйды. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, окуя 15-ноябрда болгон.

Пишкарон маалесинде жашаган 28 жаштагы жарандын сөөгү өз үйүндө асынып алган жеринен табылган. Учурда райондук прокуратура бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн жумада Фергана мамлекеттик университетинин тотализатордо 5 миң доллар уттурган окутуучусу көрүстөнгө барып асынып алганы кабарланган.

Количество просмотров: 352