• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада 14 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Алар кайсылар?

11 Жетинин айы 202410:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 382 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 389 ;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 200;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 36;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 336;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 454;
  • авто ээнбаштык – 7;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 965;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 994;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 66 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 149