• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ИИМ айдоочуларды Бишкекте унаа менен жүрүүдөн карманууга чакырды

11 Тогуздун айы 2023 11:44 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги айдоочуларды Бишкекте унаа менен жүрүүдөн карманууга чакырат.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 12-13-октябрда Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапарына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына жана конокторуна автоунаа менен жүрүүдөн алыс болууну өтүнөт.

Белгиленгендей, аталган иш-чара учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун көчөлөрүнө маал-маалы менен гана чектөөлөр киргизилип турат.

Ички иштер министрлиги жарандарды түшүнүү менен мамиле жасап, алдын ала оптималдуу жол каттамын тандап алууну өтүнөт.

Количество просмотров: 107