• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада 22 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

3 Жетинин айы 202512:13 Бишкек Govori.TV

27-октябрдан  2-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 22 804 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 844;
  • мас абалында унаа башкаруу – 320;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 165;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 043;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 251;
  • авто ээнбаштык – 29;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 754;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 515;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 880  унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 105