“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жана “Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорунда намазканалардын жабылып жатканы айтылган эмес, деп Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов, 12-декабрда, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди
«Биз мындан алыспыз. Бир да намазкана жабылбайт. Ошондой эле намазкандардын иштөөсүнө эч кандай чектөөлөр болбойт. Эң негизгиси өрт коопсуздугун жана башка талаптарды иретке келтириши керек», — деди Юсупов.
Анын айтымында, «Тыюу салынбаган нерсеге уруксат».