• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кепшн видео: Мечитке бараардын алдында билип алчу жол-жоболор…

10 Кулжа 2020 13:01 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттер жана намазканалар ишке кирди, бирок бир катар эрежелерди так аткаруу талап кылынат.

ТАЛАПТАР:

Намазга келүүчү  жарандар беткап тагынуусу зарыл.

Мечиттин айланасын дезинфекциялоо,  келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү.

Мечитте 1,5 метрлик аралыкты сактоо.

Кол алышып, кучакташпоо.

Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо.

Жаш балдар, кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткандар  мечитке келбей туруусу кажет.

Мечит  имамдары түшүндүрүү  иштерин жүргүзүүсү керек.

СУНУШТАР:

Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуу.

Мечиттен  15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү.

 Жамаат намаздары ачык абада окуу.

Ар ким өз жайнамазын ала келүү.

Белгилей кетсек, бул чыгарылыш «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 – Медиа кол кабыш» долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну “Govori.TV” уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын билдирбейт.

Количество просмотров: 99