• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бир катар элчиликтер журналисттердин камалышы боюнча кайрылуу жолдошту

19 Үчтүн айы 2024 13:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Батыш Европа мамлекеттеринин элчиликтери Кыргызстандагы журналисттердин үйүнүн тинтилиши, өздөрүнүн камалышы боюнча тынчсыздануусун билдиришти. 

Билдирүүгө Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддардын, Португалиянын, Испаниянын, Швециянын элчиликтери кошулган.

Кайрылуу жолдогондор кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого чакырышкан.

“Көз карандысыз журналистика жалпы адам укуктарын жана сөз эркиндигин ишке ашыруунун негизги мүнөздөмөлөрү болуп саналат”, — деп айтылат билдирүүдө.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Количество просмотров: 87