• Шейшемби 21 Жалган куран 2023
  • Вторник 21 Март 2023

Жапырт камалгандардын жакындары бийликке кайрылды (видео)

17 марта 2023 в 13:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Горький паркында Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын жакындары митингге чыгышты.

Жүздөн ашуун жаран катышкан акцияда «Мыйзамсыз камоолорго каршы!», «Сөз эркиндиги үчүн», «Көз карандысыз сот үчүн», «Адилеттүү бийлик үчүн», «Тын чогулуштарга тыюу салууга каршы» деген сыяктуу ураандар айтылды.

20дан ашуун саясатчы, активисттердин жакындары алардын боштондугун талап кылып, бийликке кайрылуу жолдошту.

Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Количество просмотров: 374

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда