• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Бир катар өлкө лидерлери кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду Жеңиш күнү менен куттуктады

9 Бугу 2024 10:18 Бишкек Govori.TV

Бир катар өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана президент Садыр Жапаровду Жеңиш күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин куттуктоосу

«Россия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ. Сансыз курмандыктарды жана оор кыйынчылыктарды туудурган нацисттик баскынчыларды талкалаган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын — фронттун жоокерлери менен ооруктун эмгекчилеринин элесин ыйык сактайбыз. Алар мураска калтырган бир туугандык достук жана өз ара жардамдашуу салттары биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем».

Владимир Путин ошондой эле Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык сөздөрүн жана бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалоолорун билдирди.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу

“Боордош элдерибиздин жалпы душманга каршы биргелешкен баатырдык күрөшү, чыныгы эрдиктин жана кайраттуулуктун айкын мисалы, кандуу согуштагы жалпы даңктуу Жеңиш алтын тамгалар менен биздин өлкөлөрдүн тарыхында жазылган.

Боорукердик жана урмат көрсөтүү, адамзатты фашизм апаатынан куткарган биздин урматтуу ардагерлерибиз жана ата-бабаларыбыз үчүн жагымдуу шарттарды түзүү азыркы муундун милдети болуп кала берет».

Ошондой эле ал биргелешкен чечкиндүү аракеттердин аркасында боордош элдердин ортосундагы көптөн берки достукка жана ынак коңшулаштыкка негизделген стратегиялык өнөктөштүк мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишеним билдирип, Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана бакубатчылык каалады.

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосу

«9-май — биздин элдер үчүн жалпы майрам, ал фашизмге каршы, эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштө фронтовиктердин жана ооруктагы эмгекчилердин тең келбес эрдигинин жана жан аябастыгынын символу катары тарыхта түбөлүккө калды. Ушул жаркыраган күнү биз баатырларыбыздын, өз мекени үчүн өмүрүн берип, коргогондордун элесин урматтап, терең сактайбыз, согуштан кийин талкаланган шаарларды жана айылдарды кайра көтөргөндөрдүн бардыгына таазим этебиз. Фронтто бир катарда туруп, согуш жылдарынын оор сыноолорун баштан кечирген элдерибиздин достугу жана кебелбес биримдиги Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн ар дайым бекем негиз болооруна ишенем».

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго, согуштун бардык ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине, боордош Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу

«Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктоо жолдойм!

Бул күнү биз согуш талаасында жана эмгек фронтунда жеңишке жетишкендерге таазим этебиз. Бул улуу Жеңиш күнү кийинки муундардын жаркын келечегин баары бир кишидей туруп, коргоп келген элдерибиздин баатырдык рухунун жана биримдигинин символу болуп, түбөлүккө кала берет. Согуш жылдарында көрсөтүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да биздин эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем».

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана түгөнгүс энергия, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун куттуктоосу

«9-май — нацизмге каршы биримдикте күрөшүп, келечек муундар үчүн жашоо жана эркиндик укугун коргогон өлкөлөрүбүздүн элдери үчүн бириктирүүчү дата. Биз бирге болгонубуз үчүн жеңишке жетиштик.

Ата Мекендин баатырларынын эрдиги, кайраттуулугу – түбөлүккө сакталат. Биз аларга эбегейсиз карыздарбыз жана алардын эрдигин эскерүүнүн өчпөс отун сактап, андай кандуу окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек.

Ошол каардуу жылдардын оор сыноолорунан өткөн Беларусь жана Кыргызстан элдеринин бир туугандык достугу узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ишенимдүү пайдубал болот деп ишенем».

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу

“9-май данктуу датасы — биздин элдерибиздин теңдеши жок эрдигинин символу. Бул күнү биз курман болгондордун жаркын элесине башыбызды ийип, Улуу Жеңишти согуш талаасында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара кармашкан ата-бабаларыбыздын эрдигин, баатырдыгын жана берилгендигин сыймыктануу жана ыраазычылык менен эскеребиз.

Достук, тилектештик жана өз ара колдоонун жакшы салттары келечекте да Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн позитивдүү динамикасын бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу

“Бул тарыхый этап – биздин жалпы эс тутумубуз жана кайгыбыз, жалпы байлыгыбыз жана Улуу Жеңиш үчүн сыймыгыбыз.

9-майда биз согуш талааларында жана эмгек фронтунда Жеңишке жетишкендердин ысымдарын эстейбиз. Биз тирүүлөрдү урматтап, келечек муундар үчүн тынчтык үчүн өз өмүрлөрүн кыйган баатырлардын жаркын элесине таазим этебиз”.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровго чың ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Количество просмотров: 100