Укук коргоо органдары «М Булак», «АБН», «Салым Финанс», «Акча Булак» микрокредиттик компанияларынын Бишкектеги кеңселерине мөөр басышты. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булактар билдиришкен.
Компаниялар кош бухгалтердик эсеп жүргүзгөн деп шектелүүдө. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда микрокредиттик уюмдардын айрым филиалдары жабылды.
“М булак” компаниясынын ээси Бабыржан Төлбаев жана Алексей Кокарев. Директор катары Бактиер Төлбаев көрсөтүлгөн. 2024-жылы компания 425 миллион сом салык төлөгөн. “Акча Булак” компаниясынын жана “Алга Финанстын” директору Антон Бредихин. Бул компания быйылкы жылы 252 миллион сом салык төккөн. “Салым Финанс” микрокредиттик компаниясынын директору катары Мирлан Кулов көрсөтүлгөн. Компания 2024-жылы 112 миллион сом салык төлөгөн. “АБН” компаниясын Улан Кожомуратов жетектейт. Бул компания 31 миллион сом салык төккөн.