• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Нарматова: Бейөкмөт уюмдары жасаган аракеттерди укук коргоо органдары иретке келтирбесе болбойт

9 Жалган куран 2022 11:46 Бишкек Govori.TV

Бейөкмөт уюмдар тарабынан жасалган аракеттерди укук коргоо органдары иретке келтирбесе болбойт. Мындай пикирин ЖК депутаты Надира Нарматова бүгүнкү отурумда билдирди.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ, 8-мартта бейөкмөт уюмдарынын уюштурган акциясы өттү. Биздин мамлекеттин 6-7 миллионго жакын элдин үнүн ошол бейөкмөт уюмдар уюштурган акция менен баалаганга болбойт. Бүгүнкү күндө Россияда жүргөн мигранттар телефон чалып жатышат. Биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, түбөлүк, өмүр бою келе жаткан Россия мамлекети жөнүндө дагы Украина мамлекети жөнүндө дагы биз калыс эле туруп жаткандан кийин биздин мигранттардын жүрүш-туруш, жашоосуна тоскоолдук кылбаса. Ошондуктан, бейөкмөт уюмдары жасаган аракеттерди укук коргоо органдары тарабынан иретке, тартипке келтирбесе болбойт. Биздин кыргыз элинин пикири деп эсептелбеши керек, бул өтө опурталдуу нерсе», — деди ал.

Эске салсак, 8-мартта Бишкек шаарында “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата жүрүш өткөн. Анда уюштуруучулардын бири Алтын Капалова марштын максатын окуп берип, бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештиги тандалганын айткан болчу.

Количество просмотров: 208