УКМК “Куликовский” кондитердик үйүнүн документтерин алып, башкы кеңседеги бухгалтериясына мөөр басты. Бул тууралуу Kaktus сайтына укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришкен.
3-сентябрда УКМКнын тергөө кызматы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан “Куликовский” кондитердик үйүнүн кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Буга байланыштуу компаниянын документтери жана компьютерлери алынып кеткен.
Тергөө болжолдуу түрдө салыктык мыйзам бузууларга байланыштуу жүрүп жатат, ошондуктан компьютерлер жана документтер алынып, бухгалтерияга мөөр басылган.
Компания өзү өлкөдө менеджменттин жоктугуна шылтап, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты, бирок компания жана анын бардык өкүлчүлүктөрү кадимки режимде иштеп жатканын баса белгиледи.