• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бир сааттын ичинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот 

3 Теке 20239:30 Бишкек Govori.TV

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

ӨКМ элди сак болууга чакырып, кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине чалууну өтүндү. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Катуу шамал учурунда:

— Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;

— Көз айнек кийиниз.

Количество просмотров: 135