• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир суткада 102 адам коронавирустан айыкты

11 Теке 202010:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн, 11-июлга карата дагы 102 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин ооруканадан чыкты. Бул тууралуу эртең мененки брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы айыккан бейтаптар:

Бишкек шаарында – 40;
Чүй облусунда – 12;
Ош шаарында – 11;
Ош облусунда – 11;
Баткен облусунда – 11;
Жалал-Абад облусунда – 9;
Нарын облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 1;
Талас облусунда – 2;
Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 3236 адамга жетти.

Количество просмотров: 115