• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бир суткада 145 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

31 Баш оона 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 31-августка карата коронавирус дагы 145 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 47, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу — 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 360 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 71 бейтап, амбулатордук түрдө 914 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 528 адам каза болду.

Количество просмотров: 110