• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бир суткада 21 миңден ашык адам коронавируска каршы вакцина алды

27 Баш оона 202110:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 21 миң 172 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 973 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 199 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 663 миң 497 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 412 миң 346 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Количество просмотров: 103