• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бир суткада 27 өрт кырсыгы катталды

18 Баш оона 2022 10:57 Бишкек Govori.TV

Республика аймагында бир сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган.

Алсак, 6-кичирайонунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү толугу менен күйгөн жана жанында турган Mazda Demio үлгүсүндөгү унаанын алдынкы бампери күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарындагы Бекболаев көчөсүндөгү № 36806 аскер бөлүгүнүн каражаттарды сактачуу кампанын 25 чарчы метр дубалы жана 10 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарында Д. Садырбаев көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган 50 чарчы метр үйдүн чатыры, 2 жыгач терезе, кийим кечелер күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларды куроодо эреженин бузулушу.

Количество просмотров: 67