Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандардын (пневмонияны эсепке алганда) саны 151 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бишкек – 92
Ош шаары – 2
Чүй облусу – 6
Ош облусу – 8
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 23
Жалал-Абад облусу – 9
Баткен облусу – 8
Мунун менен азыркы учурга карата жалпы 40 487 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты.