• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бир суткада коронавирус 165 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

8 Үчтүн айы 2021 11:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 165 адамдан табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 77 адамдан, Ош облусунда – 16, Чүй облусунда – 21, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда 2 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 171 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 46, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда 6 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болгон: Бишкекте бир, Баткенде бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 887 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 266 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 7 адам канааттандырарлык, 570 адам орто оордукта, 253 бейтап оор абалда, 57 киши өтө оор абалда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 141 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 983 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 547 киши айыгып чыкса, 1 миң 365 адам каза болду.

Количество просмотров: 38