• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

27 Бештин айы 2020 10:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 48 адамдан, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда 9 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 343 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 65, Ош шаарында – 30, Чүй облусунда – 85, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 41, Баткен облусунда 43 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын маалыматында.

Коронавирустан жалпы 1 миң 348 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкек шаарында 3 жана Баткен облусунда бир адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 261 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 24 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 4, стационардан 8 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 104 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 885 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 373 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 820 киши айыгып чыкса, 1 миң 348 адам каза болду.

Количество просмотров: 46