• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бир суткада коронавирустан 5 бейтап каза болду

10 Тогуздун айы 2020 11:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондордун жаңы учурлары көбөйүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Алардын маалыматына ылайык, бүгүн беш адам коронавирустан каза болду.

▪ Бишкек – 2
▪ Ош облусу – 3

Муну менен өлкө боюнча расмий маалыматка ылайык коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1082ге жетти.

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде каза болгондордун жаңы 5 учуру катталды! Жаңы катталгандардын саны 307 учурга жетти! Бул учурлар акыркы айда жана күндөрдө жаңы рекордко жеткирди! Бул сандар COVID-19 вирусунун жаңы толкунуна бара жатканыбызды билдирет!

Эки-үч ай мурун коронавирус биздин туугандарыбыздын, жакындарыбыздын жана досторубуздун өмүрүн алып кетти. Калың эл кайгырып, ыйлап, Өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине, чиновниктерге, айрым учурда медиктерге наалат айтып айтышты… Көп мекендештерибизде илдет оор формада өттү, көбү азыркы тапка чейин коронавирустун кесепети менен күрөшүп жатышат: пневмония, жогорку кан басым, бөйрөк оорусу, гормоналдык фондун бузулушу жана башкалар.

Тилекке каршы, санитардык эрежелерди сактоо керек деген чакырыктарды адамдар көз жаздымда калтырып жатышат. Балким, көбү жакындарды жоготуу, медиктерге бул жаман вирус менен күрөшүү кыйын болгонун унутушту.

Количество просмотров: 59