• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бирөө өтө оор абалда: Коронавирус жуктуруп алгандардын абалы айтылды

31 Жалган куран 2020 12:32 Бишкек Govori.TV

Коронавируска чалдыккандардын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, вирусту жуктуруп алгандардын ичинен үчөөнүн абалы оор деп бааланууда.

«Үч адамдын ичинен эки жарандын абалы туруктуу оор болсо, бирөө өтө оор абалында. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратына кошулган», — дейт Мамбетов.

Ал кошумчалагандай, 31-мартка карата өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 107 кишиге жетти.

Количество просмотров: 2876