Бир тууганын мыкаачылык менен өлтүргөн кыргыз аял Казакстандан кармалды
Бир тууганын мыкаачылык менен өлтүргөн кыргыз аял Казакстандан кармалды
22 Жалган куран 2018 12:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.03.2018 Govori.TV
Казакстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын суранычын орундатып, И.А аттуу кыргыз жаранын жана М.Й аттуу түрк жаранын Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Казакстандын Атырау облусунан кармалган И.А Туркия жараны менен биргеликте бир тууган агасы И.К ны өтө мыкаачылык менен өлтүргөн. Маркумдун өрттөлгөн денеси 2017-жылдын сентябрь айында Жети-Өгүз районунун Көл-Кечүү аймагынан табылган.
2017-жылдын 29-сентябрында алардын камака алуу боюнча соттун чечими чыгып, Интерпол аркылуу эл аралык жана мамлекет аралык издөө жарыяланган.
16-март күнү кылмышка шектелгендер Бишкектин № 1 Тергөө абагына которулду.
Казак министри Кыргызстандагы майнинг-ферма тууралуу комментарий берди
Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев «Азаттыктын» казак кызматына Кыргызстандагы майнинг компанияга электр энергиясы сатылган-сатылбаганы боюнча …