• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

30 Тогуздун айы 2023 12:18 Бишкек Govori.TV

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында 23-29-октябрь күндөрү 23 миң 393 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктан билдиришти.

Анын ичинде:

• документи жок унаа башкаруу — 247;
• 255 — мас абалында унаа башкаруу;
• 86 — унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу;
• 484 — жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыгы;
• 8 миң 297 — ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу ;
• 7 — автоээнбаштык;
• 2 миң 408 — ылдамдыктан ашырып айдоо;
• ар кандай эреже бузуулар — 11 миң 859.

Ал эми 1 миң 79 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Количество просмотров: 67