• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Бир жумада 319 мас айдоочу кармалды

13 Бугу 202413:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 6-майдан 12-майга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22023 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 313;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 319;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 74;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 780;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 418;
  • авто ээнбаштык – 8;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 457;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 653;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 683 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Количество просмотров: 91