• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өлкө аймагында 21 миң 36 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

10 Теке 2023 11:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 1нен 7-июлга чейинки аралыкта 21 миң 36 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 245 айдоочу тиешелүү документи жок рулга отургандыгы аныкталган.

Андан сырткары:

мас абалында автоунаа башкаруу — 191;
автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 39;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 013;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 431;
автоээнбаштык — 9;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 011;
жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 3;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 94.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 539 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 45