Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарына Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 122 жараны келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, алар «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу келишти.
«Каттам менен Улуу Британия, Бахрейнден дагы келген кыргызстандык жарандар бар.
Дубайдагы аэропортто белгиленген тартипке ылайык, бардык жүргүнчүлөр учуунун алдында коронавирус инфекциянын жоктугун текшерүү боюнча экспресс тесттерден өтүшкөн», — деп айтылат маалыматта.