• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Биримдик-Кут конушунда бала бакча курулууда

9 Аяк оона 20259:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имараттын жалпы аянты 2 927 чарчы метрди, ал эми жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 га түзөт. Аймакта 9 оюн аянтчасы курулат, айланасы бийиктиги 2,5 метр болгон темир тосмо менен тосулат.

Биринчи кабатта 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, ошондой эле чарбалык жана техникалык жайлар жайгашат. Экинчи кабатта дагы 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, бөлүм башчынын кабинети, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдар, кампалар жана кошумча бөлмөлөр каралган.

Количество просмотров: 108