• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги «Азаттык аренанын» курулушу качан бүтөт?

20 Жетинин айы 20259:12 Бишкек Govori.TV

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы стадион «Азаттык аренанын» курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал объектте аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерди.

Туманбаевдин айтымында, курулуш бекитилген графикке ылайык жакшы темп менен жүрүүдө.

«Учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат», — деди.

Туманбаев белгилегендей, стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо иштери, ички жана тышкы инфраструктура иштери бирдикте жүрүп жатат. Бардык негизги багыттар бир убакта аткарылып, эч кандай кечеңдетүүлөр жок. Ал жаңы «Азаттык арена» стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен даяр болорун билдирди.

Количество просмотров: 82