• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Биринчи класска электрондук каттоонун II этабы башталды

3 Кулжа 202415:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Белгиленгендей, II этаптын биринки күнү саат 12:30га карата 9 миң 628 бала катталды. Ал эми 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

  1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
  2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
  5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
  6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
  7. №62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  8. № 37 мектеп-гимназия.
  9. Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия.
  10. Низами Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби.
  11. Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия.
  12. Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси.
  13. №33 мектеп-гимназия.
  14. Райкан Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  15. №100 жалпы орто билим берүү мектеби.

Эскерте кетсек, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

Количество просмотров: 91