• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Бишимбаев 24 жылга кесилди. Нукенованын апасынын сот өкүмүнөн кийинки эмоциясы (видео)

14 Бугу 2024 10:05 Бишкек Govori.TV

13-майда Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын экс-экономика министри Куандык Бишимбаевге өкүм чыгарып, 24 жылга кести. Бишимбаев «Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «Кыйноо» беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Сот өкүмүнөн кийин Куандык Бишимбаевдин апасы жана маркум Салтанат Нукенованын жакындары ыйлап жатышканын көрүүгө болот.

«Кылмышты жашырган» деп күнөөлөнгөн анын тууганы Бакытжан Байжанов төрт жылга кесилди.

Ишти караган судья Айжан Кулбаева өкүмдү окуду:

«Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 1-пункту, 99-беренесинин 2-пункту менен күнөөлүү деп табылды. Биринчи берене менен 7 жылга эркинен ажыратылсын, экинчи берене менен 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралсын. Жалпы жонунан Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылынсын».

Ал эми Бишимбаев енен кошо «кылмышты жашырууга аракеттенген» деп айыпталган Байжанов 4 жылга эркинен ажыратылды. Ал өкүм угузулгандан кийин ага макул эместигин билдирди.

Количество просмотров: 150