• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек-Балыкчы темир жолу 10-августка чейин жабык болот

1 Баш оона 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Балыкчы багытын ишке ашырган темир жол каттамы убактылуу жабык болот. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

«Жакында “Боом” капчыгайында катталган табигат кырсыгы боюнча, учурда аталган жерде оңдоп-түзөө иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында Бишкек-2-Балыкчы республика ичиндеги каттамды 30-июлдан 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

“Кыргыз темир жолу” каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат бериле турганын белгилейт.

Количество просмотров: 158