Бишкек–Балыкчы багытындагы жайкы поезд каттамы 6-июндан тарта жанданат.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бул каттамдын өзгөчөлүгү — каттам Балыкчы шаарынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна чейин болот.
Каттамдар 6-июндан 6-июлга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:45те Бишкек-2 борбордук темир жол вокзалынан жөнөп, саат 12:16да Балыкчы шаарынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна жетет. Ал эми, 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.
Белгилей кетсек, поезддин курамында шарттары жакшыртылган алты вагон бар. Алар панорамалык терезелер, кондиционерлер, жумшак отургучтар жана дивандар, мультимедиа системалар, акысыз Wi-Fi, электрондук жабдыктарды кубаттоочу уячалар жана буфет кызматы менен камсыздалган.
Билеттердин баасы:
Жөнөкөй вагон
• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен — акысыз;
• 5-10 жаштагы балдар үчүн — 73 сом;
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн — 150 сом.
Люкс вагону:
• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен — акысыз;
• 5-10 жаштагы балдар үчүн — 250 сом;
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн — 500 сом.
VIP вагону:
• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен — акысыз;
• 5-10 жаштагы балдар үчүн — 400 сом;
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн — 800 сом.
VIP-купе вагону:
• Баасы — 6000 сом бир купе үчүн;
• Купеде 6 чоң адамга чейин жол жүрүүгө уруксат берилет;
• Ар бир жүргүнчү 5 жашка чейинки бир баланы акысыз кошо ала алат.
Кол жүгүнө акы алынбайт.