• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

“Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы менчиктештирүү боюнча иш козголду

6 Бирдин айы 2024 11:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын менчик жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча “Бишкек” Эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Текшерүүдө, 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аянты 428,8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар “И-м Т-ко” ЖЧКна 40 жылга ижарага берилип, “Бишкек” ЭЭАнын жана аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүшүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттарды “F-M” ЖЧКсына жеке менчикке сатып жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми, 2021-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалынын кызмат адамдары кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында “И-м Т-ко” ЖЧК менен «F-M» ЖЧКсы ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдерин каттоодон өткөрүшүп, мамлекеттик мүлктү «F-M» ЖЧКсынын менчик укугу катары каттап беришкен.

Натыйжада, «И-м Т-о» ЖЧКнын, «F-M» ЖЧКнын, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалынын жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле “Бишкек” ЭЭАнын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 13 млн 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилди.

Количество просмотров: 95