• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек-Худжанд багыты боюнча биринчи техникалык каттам аткарылды

17 Жалган куран 20259:29 Бишкек Govori.TV

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек-Худжанд багыты боюнча биринчи техникалык каттамды аткарды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору”ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

«Бул каттам эки мамлекет ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого чоң салым кошот. Худжанд эл аралык аэропортунда кыргызстандык жүргүнчүлөрдү Тажикстан тарап салтанаттуу тосуп алды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жума күнү Душанбеден «Сомон Эйр» учагы «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон.

Количество просмотров: 114