• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкек мэриясы “Экспресс-Строй KG” менен келишим түзүлө электигин билдирди

12 Чын куран 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы борбордо мектептерди куруу боюнча “Экспресс-Строй KG” компаниясы мектептердин курулушуна подрядчы болуу тууралуу сунуш түшкөнүн бирок, компания менен келишим түзүлбөгөнүн билдирди.

Мэрия бардык иштер мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрүн, кошумча дагы маалымат берилерин кабарлады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз “Экспресс-Строй KG” деген компания курганы жатканын жазды.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган.

Количество просмотров: 83