• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек мэриясы Айтматов проспектиндеги жер маселеси боюнча соттогу арыздарын кайтарып алат

28 Жетинин айы 202517:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектиндеги жер тилкелерине байланыштуу сотко берген арыздарын кайтарып ала турган болду.

Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырма бергенин мэриянын басма сөз кызматы 28-ноябрда билдирди. Мэрия 29 доо арызын артка кайтарып, жер ээлерине башка жер участогун берет же кенемте төлөп берет.

“Ленин районунун акимине алгач жарандарга альтернативдүү, бирдей жер тилкелерин берүү жана баш тартылган учурда, учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадастрдык наркына жараша компенсация төлөөнү карап чыгуу тапшырылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 93