• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Окуучуга кол көтөргөн мугалим кызматынан бошотулду

16 Үчтүн айы 202619:29 Бишкек Govori.TV

15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылды.

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти №87 орто мектепте орун алган окуя боюнча атайын комиссия түзгөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын одоно бузулушу аныкталды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, «Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө» типтүү жобонун, ошондой эле педагогикалык кесиптик этиканын нормалары сакталган эмес. Аныкталган мыйзам бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтирген. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мектеп директоруна карата тартиптик жаза колдонулду, ал эми мугалим белгиленген тартипте, ээлеген кызматынан бошотулду», — деп жазылат мэрия тараткан маалыматта.

Количество просмотров: 539