• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

17 Кулжа 2020 10:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгону тууралу мэриянын басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалымат боюнча дайындоолорго мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Ага ылайык, Иманалиева Элмира Сансызбаевна билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин, тактап айтканда 2008-жылы аталган башкармалыкты жетектеп, ошондой эле билим берүү борборунун башчысы, Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары, билим берүү жана илим министринин орун басары, борбордун вице-мэри, Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

Ал эми Амангелдиев Медербек Амангелдиевич Санитардык-экологиялык инспекциянын башчысы болду. Ал буга чейин инспециянын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан.

Мындан тышкары Октябрь райондук мамлекеттик администрациясында да кадрдык өзгөрүү болуп, Арстамбекова Айнура Жакышовна акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Бишкек мэрисынын аппаратында эмгектенген.

Октябрь райондук акимиатынын аппарат жетекчиси болуп Дороев Азамат Кубанычбекович дайындалды.

Количество просмотров: 1390