Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары троллейбустарды Ош шаарына берүүгө макул болушкан.
Ош шаарына жалпы 100 троллейбус жөнөтүлүүдө. Аларды «Кыргызчеттранс-Ош» мамлекеттик ишканасы ташып, жеткирет.
Бишкек шаардык мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон.
Ушул маалга чейин 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген.