• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол жабылды

17 Бирдин айы 2023 9:54 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 16-февралда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа каттамынын 302-303-чакырымдарына кар көчкү түштү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшкөн кар көчкүсү түнкү саат 00:30дар чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бирок айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, Нарын облусунун жетекчисинин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими киргизилип, адамдардын коопсуздугу үчүн жол каттамы 19-февралга чейин жабылды.

“Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат. Ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнөбүз”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 83