• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек – Ош унаа жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылды

18 Чын куран 202312:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын өтүүсүнө бардык чектөөлөр алынды.

«Бирок, учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жүрүп жатат. Жол куруучулар кар күрткүлөрүн тазалоо жана жолго инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-апрелде аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек – Ош жолу баардык унаалар үчүн убактылуу жабылган.

Количество просмотров: 80