• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

5 Жалган куран 202110:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек—Ош жолунун 231-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн, 5-мартта саат 6:30да түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү 2400 куб метрди түздү.

«Транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жолдун бир тилкеси тазаланды. Атайын техника тартылып, экинчи тилкени тазалоо иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 145