• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

15 Жалган куран 2021 15:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун 207-чакырымында көлөмү 3660 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа жолду тазалоого №9 Жол тейлөө иш канасынан 1 жүктөгүч (погрузчик) тартылып, саат 12:00дө жол толугу менен тазаланган. Жабыркагандар жок.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, абанын температурасы дагы төмөндөй турганын эскерткен.

Бүгүн, 15-мартта, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Количество просмотров: 54