• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

22 Үчтүн айы 202517:11 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында бүгүн болжол менен саат 16:15 чамасында “112” кызматына кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түштү.

Жерине №9 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Буга байланыштуу саат 16:20дан тартып Бишкек – Ош жолунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убактылуу чектөө киргизилди.

Кырдаалды байкоо үчүн ӨКМдин Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынан 2 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 224